Фонддун башчысы европалык өнөктөштөр менен кызматташуунун стратегиялары боюнча талкууларга катышып жатат.

Фондубуздун директору Н.Т. Суеркулова 2-декабрдан 4-декабрга чейин Италияда өтүп жаткан эл аралык семинарга катышып жатат.
Иш-чара аймактык өнүгүү, кесиптик билим берүү жана Европалык өнөктөштөр менен кызматташуу алкагында стратегиялык ыкмаларды талкуулоого багытталган. Н.Т. Сүеркулованын катышуусу фонддун позициясын билдирүүгө, эл аралык кесиптештер менен тажрыйба алмашууга жана келечектеги биргелешкен иш багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.