Участие в региональном мероприятии DARYA в Бишкеке Бишкектеги DARYA аймактык иш-чарасына катышуу

    2024-жылдын 15–17-октябрында Бишкекте DARYA долбоору уюштурган аймактык иш-чара болуп өттү, анда Борбордук Азиядагы көндүмдөр жана квалификациялар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды. Иш-чара Европа Биримдиги каржылаган «Борбордук Азиядагы мүмкүнчүлүктүү жаштар үчүн диалог жана аракет» долбоорунун алкагында Европалык Билим берүү Фонду тарабынан уюштурулду. (DARYA).
Талкуулар аймактык кызматташтыктын туруктуу сценарийлерине, квалификациялар боюнча ачыктыкты өнүктүрүүгө, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга жана квалификациялардын сапатын камсыз кылуу менен аларды салыштырууга мүмкүндүк берген бирдиктүү ыкмаларды киргизүү перспективаларына арналды.


     Кыргызстандан катышуучулар үчүн бул иш-чара кесиптик диалог жүргүзүү, улуттук тажрыйбаларды талкуулоо жана квалификация, билим берүү жана эмгек рыногу жаатында өнөктөштүктү бекемдөө үчүн маанилүү платформа болду.