Кыргызстандын «E-commerce Specialist» эл аралык кесиптик профилин иштеп чыгуу тажрыйбасы
DARYA долбоорунун биринчи пилоттук этабынын алкагында «E-commerce Specialist» кесиби боюнча өлкөлөр аралык кесиптик профильди иштеп чыгуу тажрыйбасы сунушталды. Бул иш Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү улуттук квалификациялык алкактарын, кесиптик стандарттарын, окуу программаларын жана жөнгө салуучу документтерди талдоону камтыды.
Айрыкча Кыргызстандын Улуттук квалификациялык алкагынын деңгээлин Европалык квалификациялык алкак (EQF) менен салыштырууга, ошондой эле адистин компетенциялык бирдиктерин, билимдерин, көндүмдөрүн, милдеттерин жана өз алдынчалыгын сүрөттөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул ыкма өлкөлөр аралык профилдерди улуттук кесиптик стандарттарды жаңыртуу, жаңы окутуу программаларын иштеп чыгуу жана квалификациялык талаптарды так дал келтирүү үчүн негиз катары колдонууга мүмкүндүк берет.
Пилоттук натыйжалар боюнча талкуулар өлкөлөр аралык профилдер квалификация системаларын модернизациялоо жана Борбордук Азияда аймактык кызматташтыкты бекемдөө үчүн практикалык курал боло аларын тастыктады.